Bloomberg: Европалыктар Трампты сүйлөшүүлөргө болгон мамилени өзгөртүүгө көндүргүсү келет
Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн лидерлери Францияда өтө турган “Топ жетилик” саммитинде АКШ президенти Дональд Трампты Украинадагы согушту токтотуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы ыкмасына макул болууга көндүрүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Bloomberg булактарына таянып жазып чыкты Эммануэл

Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн лидерлери Францияда өтө турган “Топ жетилик” саммитинде АКШ президенти Дональд Трампты Украинадагы согушту токтотуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы ыкмасына макул болууга көндүрүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Bloomberg булактарына таянып жазып чыкты Эммануэль Макрон, Фридрих Мерц жана Кейр Стармер макалада айтылгандай, согуштагы демилге азыр Украинага өттү деп эсептешет жана бул Орусия менен Украина үчүн мурдагыга караганда ыңгайлуу шарттарда сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Айрыкча, басылма белгилегендей, европалыктар Трамптын АКШ менен Орусия президенттеринин былтыр Аляскада өткөн саммитинде талкууланган шарттардан чыгууга жетишүүнү каалашат. Орус бийликтери Анкориджде жетишилген макулдашууларга шилтеме жасап, айрыкча Украинанын Донецк аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылууда. Америка Кошмо Штаттары эч качан Украинаны буга ачык чакырган эмес, бирок президент Трамп согушту токтотуу үчүн эки тарап тең компромисске барышы керек деп бир нече жолу айткан Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинанын фронттогу ийгилигине токтолуп, тынчтык сүйлөшүүлөрү иш жүзүндө жүргүзүлбөй жатканын билдирген, бирок АКШ бул үчүн шарттар бар болсо, ортомчу ролуна кайтууга даяр экенин белгилеген Жакында Лондондо өткөн жолугушууда Британия, Германия жана Франциянын лидерлери Украинанын президенти Владимир Зеленский менен биргеликте сүйлөшүүлөрдүн шарттарын түзүштү. Алар Орусиядан “сүйлөшүүлөр үчүн башталгыч чекит” катары азыркы фронт сызыгы менен токтоосуз ок атышууну токтотууга макул болушун, ошондой эле көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу менен бирге Украинанын коопсуздугуна кепилдик беришин каалайт. Буга чейин Москва бул талаптардан баш тарткан Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


