Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлдү: мурда берилген эскертүүгө карабай электр зымдары бузулду

110 кВ “Парковая” – “Ала-Арча” электр берүү чубалгысы коопсуздук талаптарын сактоо боюнча мурда берилген эскертүүгө карабастан бузулган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 6-июнунда 110 кВ «Парковая» - «Ала-Арча» аба электр чубалгы

0 көрүүkaktus.media
Бишкекте электр жарыгы өчүрүлдү: мурда берилген эскертүүгө карабай электр зымдары бузулду
Paylaş:

110 кВ “Парковая” – “Ала-Арча” электр берүү чубалгысы коопсуздук талаптарын сактоо боюнча мурда берилген эскертүүгө карабастан бузулган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти Аталган башкармалыктын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 6-июнунда 110 кВ «Парковая» - «Ала-Арча» аба электр чубалгысынын No23 жана No24 тирөөчтөрүнүн ортосундагы тилкеде зым HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен бузулган Натыйжада Бишкектин айрым керектөөчүлөрү убактылуу электр жарыгысыз калышты Энергетика министрлиги 2026-жылдын 28-майында курулуш объектисинин өкүлдөрүнө электр тармактарынын коопсуздук зонасында иштерди аткарууда коопсуздук талаптарын так сактоо зарылчылыгы тууралуу расмий билдирүү берилгенин белгиледи Билдирүүдө электр чубалгыларына чейин белгиленген аралыктарды бузууга жол берилбестиги, ошондой эле электр объектилерине зыян келтирбөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы белгиленген «Тилекке каршы, берилген эскертүүгө карабастан, коопсуздук талаптары сакталбай, жогорку чыңалуудагы электр зымдары бузулуп, авариялык абалга алып келди», - деп айтылат башкармалыктын маалыматында Энергетика министрлиги мыйзамга ылайык, электр энергиясына келтирилген зыян үчүн күнөөлүү тарап жооп берерин жана материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү экенин баса белгиледи Бул факты боюнча материалдар компетенттүү органдарга укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт Башкармалык ошондой эле бир линиянын бузулушу эмне үчүн көп сандагы керектөөчүлөргө таасирин тийгизгенин түшүндүрдү. 110 кВ “Парковая” – “Ала-Арча” аба линиясы борбор калааны электр менен камсыздоонун негизги магистралдык линияларынын бири болуп саналат. Ал аркылуу электр энергиясы чоң көмөкчордондордун ортосунда өткөрүлүп, Бишкектин көп бөлүгүн ишенимдүү электр менен камсыздоону камсыздайт Мындай линия авариялык өчүрүлгөн учурда релелик коргоо жана авариялык башкаруу түзүлүштөрү автоматтык түрдө ишке киргизилет. Алар олуттуу технологиялык үзгүлтүккө жол бербөө жана энергетика системасынын туруктуулугун сактоо үчүн керек Мындан улам айрым керектөөчүлөр керектүү коммутация жана авариялык калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин убактылуу электр жарыгысыз калышы мүмкүн Энергетика министрлиги энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштеп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо чараларын көрүп жатканын билдирди Мекеме курулуш уюмдарына, атайын техниканын айдоочуларына жана энергетика объектилеринин жанында иштерди аткарып жаткан бардык адамдарга электр тармактарынын коопсуздук зоналарынын талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертти

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler