Бишкектин басымдуу бөлүгү жарыксыз калды: Министрлик себебин айтты
Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бишкектин басымдуу бөлүгүндө бир сааттай электр жарыгы өчтү "Кабар" агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 110 кВ "Парковая" – "Ала-Арча" электр берүү линиясындагы 23 жана 24-тирөөчтөрдүн ортосундагы аба чубалгысы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тарабынан

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Бишкектин басымдуу бөлүгүндө бир сааттай электр жарыгы өчтү "Кабар" агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 110 кВ "Парковая" – "Ала-Арча" электр берүү линиясындагы 23 жана 24-тирөөчтөрдүн ортосундагы аба чубалгысы HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тарабынан үзүлгөн Анын кесепетинен борбор калаанын бир бөлүгү убактылуу электр энергиясыз калды. Учурда энергетиктер авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө Белгиленгендей, өлкө аймагында курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыктан, бардык курулуш компаниялары, атайын техникалардын айдоочулары жана жооптуу кызматкерлери электр тармактарынын корук зоналарынын талаптарын так сактоосу зарыл


