Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте жол кырсыктары 66%га азайды – Кайгуул кызматы

Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында жол кырсыктары 66%га азайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев билдирди Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 546 жол кырсыгы катталып, 34 адам каза болгон. Ал эми

0 көрүүkabar.kg
Бишкекте жол кырсыктары 66%га азайды – Кайгуул кызматы
Paylaş:

Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында жол кырсыктары 66%га азайды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев билдирди Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 546 жол кырсыгы катталып, 34 адам каза болгон. Ал эми 2025-жылдын ушул мезгилинде 1622 жол кырсыгы катталып, 35 адамдын өмүрү кыйылган. Быйыл бул көрсөткүч салыштырмалуу 66%га же 1076 учурга азайган Орун басар белгилегендей, жол кырсыктарын азайтуу максатында күндүзгү жана түнкү рейддер үзгүлтүксүз уюштурулуп жатат. Ошондой эле мамлекеттик мекемелерде жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мектептерге бекитилген тескөөчүлөр окуучуларга жол коопсуздугу боюнча сабак өтүшүүдө Мындан тышкары, өлкөдө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео көзөмөл системалары иштеп, жол эрежелерин бузган учурлар автоматтык түрдө катталууда. 1-июндан тарта коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга айып пул салуу чаралары да күчөтүлдү Саргашкаев ошондой эле мас абалында унаа башкаруу учурлары көбөйүп жатканын белгилеп, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, жазалар катаалдаштырылганын эскертти

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler