Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай көргөзмөсү ачылды

Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай көргөзмөсү расмий ачылды. Бул иш-чара алгач ирет уюштурулууда Көргөзмөгө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Кытай өлкөлөрүнүн 50дөн ашуун өндүрүүчү компаниялары

0 көрүүkabar.kg
Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай көргөзмөсү ачылды
Paylaş:

Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай көргөзмөсү расмий ачылды. Бул иш-чара алгач ирет уюштурулууда Көргөзмөгө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Беларусь, Кытай өлкөлөрүнүн 50дөн ашуун өндүрүүчү компаниялары катышууда Иш-чаранын максаты - эл аралык өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү, экономикалык байланыштарды бекемдөө жана ата мекендик мекемелерге, өндүрүүчүлөргө жана инвесторлорго мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Ошондой эле өлкөнүн технологиялык жана өнөр жай потенциалы тааныштырылат Экспозициянын негизги тармактары төмөнкүлөр: Ошондой эле бул аралык көргөзмө В2В жана В2G платформаларында өтүп, өндүрүүчү, жеткирүүчү жана сатып алуучулар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Жаңы рынокко чыгуу, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт Анда иш-чараны расмий түрдө ачкан экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков көргөзмөнүн маанилүүлүгүнө токтоло кетти Анын айтымында бул көргөзмө Кыргызстандын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин алдыңкы өнөр жай ишканаларын бири-бири менен байланыштырууга жана кызматташууга жол ачат Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы алдында өтүп жаткан бул көргөзмө 6-июнга чейин уланат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай көргөзмөсү ачылды | Tenqri