Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму өтөт

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. 9-10-июнда Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму өтөт Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, форум шериктештик мейкиндигиндеги маданият, илим, билим берүү, искусство жана коомдук тарма

0 көрүүkabar.kg
Бишкекте КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форуму өтөт
Paylaş:

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. 9-10-июнда Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму өтөт Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, форум шериктештик мейкиндигиндеги маданият, илим, билим берүү, искусство жана коомдук тармак өкүлдөрүн бириктирген ири гуманитардык аянтчалардын бири болуп саналат Форумдун жүрүшүндө катышуучулар гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, илим, билим берүү, маданият, маалымат, туризм, спорт жана жаштар саясаты багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулашат Иш-чаранын негизги темалары КМШнын 35 жылдыгы жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдык мааракеси болмокчу Форумдун алкагында "Шериктештиктин жылдыздары" мамлекет аралык сыйлыгынын жана "Шериктештиктин дебюттары" жаштар сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи өтөт. Ошондой эле чыгармачылык жолугушуулар, концерттик программалар, КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти жана "Чыңгыз Айтматовдун жүз жылдыгына карай" аттуу чыгармачылык кече уюштурулат Форумдун жыйынтыгында КМШ мамлекеттеринин мындан аркы гуманитардык кызматташтыгынын негизги багыттарын камтыган жыйынтык резолюция кабыл алынат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler