Бишкекте калдыктарды кайра иштетүүчү эко-технологиялык заводдун II этабы курула баштады
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводунун экинчи этабынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине катышты Өз сөзүндө минкаб төрагасы бул долбоордун борбордун экологи

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводунун экинчи этабынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине катышты Өз сөзүндө минкаб төрагасы бул долбоордун борбордун экологиясы жана келечек муундар үчүн стратегиялык маанисин баса белгиледи Ал Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүп, анын натыйжасында абал бир топ жакшырып жатканын эске салды: жеке секторду газдаштыруу (анын ичинде шаардыктар үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү менен); дизелдик автобустарды газ жана электр энергиясы менен иштеген заманбап автобустарга алмаштыруу; көмүрдүн эң булгоочу түрлөрүн сапаттуу ири көмүргө алмаштыруу ж.б Касымалиев белгилегендей, заводдун II этабынын курулушу башталып, келечек муундар үчүн "мезгил кутучасы" салынып жатат Эске сала кетсек, комплекстин биринчи этабы, 2025-жылдын 27-декабрында ишке киргизилген, суткасына 1000 тонна кайра иштетүүгө эсептелген; экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы долбоордук кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага чейин жетет — экинчи блок 2000 тоннага эсептелген, курулушу үч жылдын ичинде бүткөрүлөт деп пландалууда


