Бишкектиктер “Курак” тасмасынын улуттук бет ачарына чакырылат -
11-июнда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Бродвей кинотеатрында режиссер Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиев тарткан “Курак” тасмасынын улуттук бет ачары болот. Бул тууралуу тасманын продюсерлери билдиришти “Курак” 2025-жылдагы эң көп сыйлык алган кыргыз тасмаларынын бири болуп, эл ар

11-июнда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Бродвей кинотеатрында режиссер Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиев тарткан “Курак” тасмасынын улуттук бет ачары болот. Бул тууралуу тасманын продюсерлери билдиришти “Курак” 2025-жылдагы эң көп сыйлык алган кыргыз тасмаларынын бири болуп, эл аралык кеңири таанылган. Акыркы бир жылдын ичинде бул тасма Кыргызстанды Азия, Европа жана Түндүк Америкада өткөн 15тен ашык эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүп, алты эл аралык сыйлыкка ээ болгон Реалдуу окуяларга негизделген тасмада патриархалдык негиздер дагы деле бекем сакталып турган азыркы кыргыз коомунда аялдардын укуктарынын жоктугу тууралуу бир нече чырмалышкан окуялар баяндалат. Анын каармандарынын тагдыры аркылуу тасма тандоо эркиндиги, зордук-зомбулук, социалдык кысым жана аялдын өз жашоосун башкаруу укугу темаларын изилдейт


