Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкек: Үч жылда айланма жолдор биригет. Тыгын азайабы?

Ага тушташ шаарда түштүк айланма жолун долбоорлоо башталды Бийлик үч жылда баш калааны айланган шакекче толук туташтырылып бүтсө ал тыгын маселесин азайтууга салым кошот деп ишенүүдө. Бишкекте жаңы турак жайлар курулуп, аймак улам кеңейген сайын жол тыгыны шаарда жылдан-жылга күчөп баратат Айланма

0 көрүүazattyk.org
Бишкек: Үч жылда айланма жолдор биригет. Тыгын азайабы?
Paylaş:

Ага тушташ шаарда түштүк айланма жолун долбоорлоо башталды Бийлик үч жылда баш калааны айланган шакекче толук туташтырылып бүтсө ал тыгын маселесин азайтууга салым кошот деп ишенүүдө. Бишкекте жаңы турак жайлар курулуп, аймак улам кеңейген сайын жол тыгыны шаарда жылдан-жылга күчөп баратат Айланма жолдордун баяны 2025-жылдын январь айында башталган Бишкектин түндүк айланма жолун оңдоо иштери дээрлик 60% бүтүп калды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги баштапкы мерчемге ылайык, жол 2026-жылдын 30-декабрында аяктай турганын билдирүүдө. Мурдагы айланма жол эки тилкелүү гана болсо, ал азыр кеңейтилди жана эки деңгээлдүү кесилме түйүндөрү көбөйтүлдү No media source currently available “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институтунун директорунун орун басары Кубанычбек Ормонов журналисттерге мындай деди: “Кыргызстанда биринчи жолу биринчи категориядагы жол курулуп жатат. Алты тилке менен салынат. Эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, биринчи категория болгондон кийин башка жолдор менен кесилбеши керек. Кесилиштердин баарында эки эки деңгээлдүү кесилмелер курулууда. Жалпы 13 кесилиш түйүнү бар. Биз турган өтмөк Алматы көчөсү менен кесилиш. Мына ушундай түйүндөрдөн 13 болот, анын экөө мурдагылар жаңыланууда жана 11 жаңы салынууда” 33,4 чакырымдык жол жалпы 11,1 млрд сом жумшалууда. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Курулушту Кытайдын “Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн” (CRBC) компаниясы ишке ашырууда Эки күн мурун курулуштун жүрүшүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да жеринен көрүп кетти Бул арада Кант шаарынан Бишкектин Көк-Жар конушуна чейин борбор шаарды айланган түштүк айланма жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен курулуп жатат. Ошондуктан 16,2 чакырымдык жол акы төлөнүүчү болот Бишкек шаарынын мэриясы мындан сырткары Көк-Жар айылынан баштап Орто-Сай жана Байтик айылдары аркылуу кайра Бишкек-Ош жолуна чыгуучу түштүк айланма жолун курууну пландаштырууда. Ал учурда долбоорлоо баскычында жана кайсы жолдун линиясы аркылуу өтөрү толук тактала элек. Калаа жетекчилиги үч айланма жолдор үч жылдын ичинде бириктирилип бүтөрүн, шакекче толук ишке кирсе шаардагы тыгын маселесин азайтууга чоң салым кошорун билдирүүдө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев буларга токтолду: “Биз түндүк айланма жолду биринчи баштадык. Себеби, бул Башкы планда да көрсөтүлгөн. Болгону төрт тилкелүү пландалган эле, биз алты тилкелүү болсо жолдогу жүктөмдү азайтууга жардам берет деп сунуштаганбыз. Бул айланма жол сырткы шакекчени толук бүтсө өзүнүн толук кандуу функциясын аткарат. Чыгыш айланма жол башталды, аны инвесторлор куруп жатат. Түштүк айланма жол бириксе, ошондо чоң шакекче түзүлүп калат” Бишкекти толук айланган шакекче жолду салуу идеясы Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери эле айтылып келатат. Бирок канча бийлик алмашканы менен ал артка жылдырылып келген Акыркы жылдары Бишкекте жашоочулардын саны өсүп, жаңы курулуштар, айрыкча шаардын түштүк бөлүгүндө турак-жайлар тездик менен курулду. Калаанын айланасында жаңы конуштар көбөйүп, административдик реформанын алкагында Чүй облусунун бир катар аймагы борборго өттү. Натыйжада Бишкек шаарынын жолунда автоунаа кыймылы өсүп, эртели-кеч тыгынга кептелди. Шакекче азыр аба менен суудай зарыл болуп калды Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков бул жөнүндө мындай пикирин ортого салды: “Бул негизи чоң маселени чечмек, тагыраагы транзиттик машинелерди Бишкектин чегинен чыгарып, шаарга киргизбей, айланып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Мына айланма жол салынганда Жибек жолунда жүрүү канчалык кыйын болуп калды, байкадыңарбы? Анткени, айланма жол аркылуу кетчү каттамдар Жибек жолу аркылуу өтүп калды. Демек, жол бүтсө Жибек жолу жеңилдеп, Бишкекке жакшы болот деп эсептейм. Анан түштүк магистраль дагы алты тилкелүү болсо да, кыйын абалда калды. Анткени, айланма аркылуу өтүп жаткандар ушул жак аркылуу салууда. Эгерде түндүк айланма жолунан сырткары чыгыш жана түштүк айланма жолдору бүтүп калса, бул Бишкекке бир топ жеңилдик берет” Жеңилдик бериши жеңилдик берет, бирок Бишкекти толук айланган шакекче жол деле калаадагы тыгынды чече албайт. Анткени, айланма жол жабыла электе эле шаардын өзүнүн ичинде машинелер көбөйүп, каттамдар жылдан-жылга арбып баратат. Эртең менен же кечинде кыймыл кычаган маалда машинелер бир нече сааттап туруп калууда Бишкек шаардык мэриясы буга чейин жол тыгынын азайтуу үчүн мектеп жана университеттерде сабактардын баштоону ар башка убакытка жылдырса, Кайгуул кызматы жол кыймылын күчөтүлгөн тартипте жөнгө салуу иштерин жанданткан. Ортодо шаарда катталбаган автоунааларды шаарга киргизбөө, же ар күнү ар башка мамлекеттик номердеги машинелерди жүргүзүү сунуштары да айтылып, талаш-тартыштар менен коштолгон Айбек Жунушалиев эми мэрия тыгынды азайтуу үчүн калаа ичинде дагы бир топ жаңы жолдорду ачууну караштырып жатканын кошумчалады: “Биз бир нече чектөөлөрдү демилгелебедик беле, бирок сын-пикирлерден улам ал ойдон кетип, жол инфратүзүмдөрүн жакшыртабыз дегенге өттүк. Жаңылайбыз жана жаңы түзөбүз. Айланма жолдорду куруп, көпүрөлөрдү салып, жаңы жолдорду ачабыз. 2023-жылга чейин Бишкек шаарынын ичинде 16-18 чакырым жол курулуп турган болсо, 2024-жылы 61 чакырым жолду, 2025-жылы 92 чакырым жолду салдык. 2026-жылы 120 жол салууну пландаштырып жатабыз. Жол инфратүзүмдөрүн мына ушундай темп менен жаңылайбыз жана тиешелүү деңгээлге алып келебиз. Ошону менен коопсуздук жана башка маселелерди чечебиз. Бишкекте учурда 450 миңдей автоунаа каттоодо турса, кирип-чыккандарды эсепке калганда шаарда күнүнө 700 миңдей машине жетип жатат. Мына ушуну эске алганда бара-бара кайрадан кандайдыр бир чектөөлөргө да кайтышыбыз мүмкүн. Парковкага саат сайын төлөмдөрдү киргизгенбиз, айрым жаңы жолдорду, анын ичинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ичинен кесип өткөн жолду ачуу планын жарыялаганбыз. Бул Башкы планга кирген, ага Министрлер кабинети кол коюп, күчүнө кирди. Мына ошол планда ушул сыяктуу тыгынды азайтууга салым кошчу бир топ пландар каралган, буюрса анын баарын четинен аткарып баштайбыз” Мындан мурдагы шаар жетекчиликтери да кезинде тыгынды жоюу үчүн ушундай аракеттерин шардана кылган, азыркы калаа башчысынын жогоруда айткан аракеттери жыйынтык берет деп ишенип келет. Бирок азырынча тыгын азайган жок, көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Адистер башка да чечимдерди сунуштап келатышат Эксперт Ишенбай Кадырбековго кайрадан сөз берели: “Санк-Петербургдан келген адистер Бишкектин башкы планын жасап жатканда бир баалуу маалымат бериип кетишти. Эртең менен саат жетиден онго чейин, кечкисин саат төрттөн алтыга чейин Бишкекте бир убакта 100 миңден ашкан машине жүрүп жатат дешти. Алар балдарын бала бакчага, мектепке жеткирген жана кайра алып аткан убакыт. Биз көп жылдан бери жалан үйлөрдү куруп, бирок бала-бакча мектептерди салганыбыз жок. Мектептер 50%, бала-бакчалар 60% жетишпейт экен. Мына ушул маселелерди чечмейин, жол маселесин чечүү кыйын. Бейтапканаларды, башка нерселерди айтпай эле коёюн. Бейтапканалар борбор тарапта, жаңы курулган райондордо жок. Алар кайда барат, борбор тарапка жылат. Анан тыгын жаралат” Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жаңы Башкы планы 11-майда күчүнө киргенин билдирип, бул боюнча токтомду жана жаңы картаны жарыялаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев долбоорду 25-апрелде бекиткен Башкы планга ылайык, 2050-жылга чейин шаар тургундарынын саны 2 миллион адамга чейин өсөрү болжолдонгон. Алдыдагы 25 жылда четки конуштардын инфрастүзүмдүк маселелерин чечүү, борборлоштурулган жылуулук түзүмүн жакшыртуу жана энергияны үнөмдүү колдонгон технологияны киргизүү каралган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler