Бириккен Араб Эмираттары 1-майдан тарта ОПЕК жана ОПЕК+ мүчөлүгүнөн чыгат
Бириккен Араб Эмираттары 1-майдан тарта мунай экспорттоочу өлкөлөрдөн турган ОПЕК жана ОПЕК+ мүчөлүгүнөн чыгууда.Бириккен Араб Эмираттары тарабынан жасалган расмий билдирүүдө бул бөлүнүү мунай өндүрүүнү акырындык менен көбөйтө турганы белгиленген ОПЕКтин мүчөлөрү бир канча убакыттан бери мунай өнд

Бириккен Араб Эмираттары 1-майдан тарта мунай экспорттоочу өлкөлөрдөн турган ОПЕК жана ОПЕК+ мүчөлүгүнөн чыгууда.Бириккен Араб Эмираттары тарабынан жасалган расмий билдирүүдө бул бөлүнүү мунай өндүрүүнү акырындык менен көбөйтө турганы белгиленген ОПЕКтин мүчөлөрү бир канча убакыттан бери мунай өндүрүүгө квота боюнча өз ара көйгөйлөрдү жаратып келишет. Бириккен Араб Эмирликтеринин энергетика министри бөлүнүү процессине берген баалоосунда: «ОПЕКтен чыгуу чечими кылдаттык менен баа берүүнүн натыйжасында кабыл алынды. деди ал. Бөлүнүү чечиминин кесепеттерине токтолгон Энергетика министри бул абалдын мунай өндүрүшүндө чоң ийкемдүүлүктү камсыздай турганын айтты. Келечектеги прогноздорун бөлүшкөн министр, «Алдыдагы мезгилде дүйнөлүк масштабда энергияга болгон суроо-талаптын жогорулайт деп ойлойбуз»,-деди. деди ал ОПЕКтен чыгуу чечими Ормуз кысыгы жабык турган мезгилде кабыл алынган. Чечимдин жарыяланышынан жана кабардан кийин мунайдын баасы бир аз төмөндөдү. Мындай төмөндөөнүн себеби Бириккен Араб Эмираттарынын квота чеги жок өндүрүштү көбөйтүүгө умтулуусу менен байланыштуу


