Бул биринчи Улуттук медициналык радиотехнология конференциясы болгон
Бакуда биринчи улуттук медициналык радиотехнология конференциясы өттү Иш-чарага техниктер, радиологдор, инженерлер жана студенттер катышты Докладчылар УЗИ аппараттарында врачтардын жана техниктердин координацияланган иши женунде айтышты Конференциянын негизги темасы “Медициналык сүрөттөөдөгү зама

Бакуда биринчи улуттук медициналык радиотехнология конференциясы өттү Иш-чарага техниктер, радиологдор, инженерлер жана студенттер катышты Докладчылар УЗИ аппараттарында врачтардын жана техниктердин координацияланган иши женунде айтышты Конференциянын негизги темасы “Медициналык сүрөттөөдөгү заманбап ыкмалар, заманбап радиологиядагы техниктердин ролу” болду Radacademia уюмунун негиздөөчүсү Элвин Зейнуллазаде өзү жетектеген академияда билим алып жаткан жаштар бир гана Азербайжанда эмес, түрк тилдүү мамлекеттерде радиотехниканын өнүгүшүнө салым кошуп жатканын айтты Академиянын кадрларды даярдоо боюнча жооптуу кызматкери Сабина Абуталибова жана уюштуруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Айшен Амрахова бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тынымсыз болоорун белгилешти Андан соң эмчекти текшерүү ыкмалары, радиологиялык изилдөөлөрдөгү контрасттык реакциялар жана шокка каршы чаралар, ошондой эле согуш мезгилиндеги аскердик радиология боюнча презентациялар болду Иш-чарада заманбап радиологияны өнүктүрүү, медициналык визуализациядагы инновациялык ыкмалар, жасалма интеллектти колдонуу жана саламаттыкты сактоо системасында радиотехнологдордун ролунун өсүп жаткандыгы талкууланды


