Берлин Путиндин идеясын четке какты
Германия Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина боюнча сүйлөшүүлөргө Евробиримдик тараптан мурдагы канцлер Герхард Шрөдерди тартуу сунушун четке какты. Бул тууралуу Reuters агенттигине булактар билдирди Немис өкмөтүнүн атын атагысы келбеген өкүлү агенттикке бул сунуш ишеничтүү эмес деп билд

Германия Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украина боюнча сүйлөшүүлөргө Евробиримдик тараптан мурдагы канцлер Герхард Шрөдерди тартуу сунушун четке какты. Бул тууралуу Reuters агенттигине булактар билдирди Немис өкмөтүнүн атын атагысы келбеген өкүлү агенттикке бул сунуш ишеничтүү эмес деп билдирди, анткени Орусия жөнгө салуу боюнча эч кандай шарттарын өзгөрткөн жок DPA агенттиги Германиянын өкмөтү Москванын сунушун “ойдон чыгарылган” жана “Орусиянын белгилүү гибриддик стратегиясынын бир бөлүгү” катары кабыл алганын жазат. «Бирок, Германия менен Европаны бөлүүгө болбойт», - деди булактардын бири Tagesspiegel белгилегендей, Владимир Путиндин идеясы Шрөдер мүчө болгон СПДнын ичинде да «бир аз каршылыкка учурайт». SPD өкүлдөрүнүн бири гезитке потенциалдуу сүйлөшүүлөрдүн модератору "жөн эле Путиндин досу боло албайт" деди Бир күн мурун Владимир Путин өз сөзүндө Герхард Шрөдерди Орусия менен Европанын диалогуна ылайыктуу сүйлөшүүчү деп атаган. Сүйлөшүүлөрдө батыштын позициясын ким көрсөтө алат деген суроого ал мындай деп жооп берди: "Жеке мен үчүн Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы канцлери мырза Шрөдер артыкчылыктуу. Андыктан европалыктар өздөрү ишенген жана биз жөнүндө эч кандай жаман сөз айтпаган лидерди шайлашсын"


