Бельгия Түркия менен 9 коргонуу келишимине кол койду
Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен Экономикалык миссиянын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү күнүндө өлкөсүнүн Түркия менен 9 коргоо келишимине кол койгонун айтты Франциянын Франс Пресс агенттигине келишимдер тууралуу маалымат берген Франккен: «Биз бүгүн чындап чоң кадам таштадык»,-деди Фра

Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен Экономикалык миссиянын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү күнүндө өлкөсүнүн Түркия менен 9 коргоо келишимине кол койгонун айтты Франциянын Франс Пресс агенттигине келишимдер тууралуу маалымат берген Франккен: «Биз бүгүн чындап чоң кадам таштадык»,-деди Франкендин кеңсеси тарабынан жасалган билдирүүдө шаршемби күнү Анкарада алты келишимге кол коюлганы белгиленди Дүйшөмбү күнү Стамбулда үч коргонуу келишимине кол коюлганы айтылды Брифингде Түркия менен Бельгиянын ортосундагы келишимдердин акчалай наркына байланыштуу билдирүү жасалган жок Бельгиянын делегациясы төрт күндүк экономикалык миссиянын алкагында Түркияда жолугушууларды өткөрдү Матильда Стамбулдагы Байкар мекемелерине да барды Шаршемби күнү Анкарада Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен түрк кесиптеши Яшар Гүлер менен жолугушту Жолугушууга байланыштуу билдирүүдө Бельгия менен Түркиянын коргоо министрлеринин «узак мөөнөттүү стратегиялык коргонуу өнөктөштүгү үчүн маанилүү кадам таштаганы» белгиленди «Бул макулдашуулар эки тараптуу коргонуу мамилелерин саясий диалогдон конкреттүү өнөр жай жана аскердик кызматташууга чейин тереңдетүүнү чагылдырат», - деп айтылат анда Ал ошондой эле Бельгиянын Түркиянын SAFE демилгесине катышуусун колдой турганын билдирди SAFE Евробиримдиктин коргонуу тармагындагы жаңы демилгесине ылайык түзүлгөн 150 миллиард евролук каржылоо механизми жана биримдиктин 2030-жылга чейин жалпы коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө максатын көздөйт Франс Пресс агенттигине берген маегинде Франккен түрк учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алууга кызыкдар экенин билдирди Мындай сатып алуунун Европанын сатып алуу эрежелерине баш ийе турганын да белгилеген Франкен : «Түркия коргонууда чоң күчкө ээ, НАТОнун экинчи чоң күчү болгон өлкө, ошондуктан албетте өнөр жайлары менен кызматташтык жана өнөктөштүк түзүү маанилүү»,-деди Франккен өз билдирүүсүндө: «Европаны кайра куралдандыруу жана коргонуу өнөр жайын күчтөндүрүүдөгү Түркиянын стратегиялык мааниси ачык, Европа бул жердеги эбегейсиз потенциалды көз жаздымда калтыра албайт»,-деди Эки өлкө аскердик потенциалды өнүктүрүү жана коргонуу өнөр жайында кызматташуу боюнча келишимге жетишти Бул алкакта түрк офицерлери Брюсселдеги Королдук Аскердик Академиясында билим ала алышат Бельгия жыл сайын эки өлкөгө Экономикалык миссия уюштуруп, түрдүү географиялардагы экономикалык кызматташтык аркылуу инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн байытууну максат кылууда 2026-жыл үчүн тандалган эки даректин бири Түркия, экинчиси Сауд Арабиясы Бельгиянын Королдук үй-бүлөсү Бельгиянын тышкы соода агенттиги тарабынан жана бизнес дүйнөсүнүн көптөгөн алдыңкы уюмдары менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Экономика миссиясын жетектейт Түркия миссиясынын башында ханыша Матильда турат 450 кишиден турган делегацияны жетектеген Матильддин командасынын курамында вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри, Европа иштери жана өнүгүү боюнча кызматташтык боюнча министр Максим Превот, коргоо министри Тео Франкен, ошондой эле федералдык жана аймактык өкмөт өкүлдөрү жана 250гө жакын ишкерлер бар Бельгиядан Түркияга акыркы экономикалык миссия 2012-жылы уюштурулган


