Ал денесине 30 таш баканы өткөргүсү келген
Бангкокто турист 30 экзотикалык таш баканы өлкөдөн алып чыгууга аракет кылып жатканда бажы кызматкерлери тарабынан кармалды Окуя Суварнабхуми аэропортунда болгонун 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди Бажы кызматкерлери өзүн шектүү алып барган 19 жаштагы кызды кылдат текшерү

Бангкокто турист 30 экзотикалык таш баканы өлкөдөн алып чыгууга аракет кылып жатканда бажы кызматкерлери тарабынан кармалды Окуя Суварнабхуми аэропортунда болгонун 525.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди Бажы кызматкерлери өзүн шектүү алып барган 19 жаштагы кызды кылдат текшерүүнү чечишкен. Текшерүү учурунда кийиминин астынан денесине оролгон боолордун ичинен Индиянын 30 жылдыздуу таш бакасы табылган. Кыз кармалып, бир өлгөн таш бакадан башкасы, калган таш бакалар Улуттук парктар башкармалыгына өткөрүлүп берилди Белгилей кетсек, Индия жылдызы таш бакасы өзүнүн кайталангыс көрүнүшү жана сулуулугу менен кызыктуу жандык. Бул экзотикалык жаныбарлардын узундугу 20-30 см. Алар жакшы кам көрүлсө, 50 жылдай жашайт


