Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Барскоон – Бедел унаа жолу: Эки туннель жана 50дөн ашык көпүрө курулууда

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу кызуу жүрүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда узундугу 161 чакырымды түзгөн жолдун геодезиялык жана инженердик изилдөөлөрү толук аяктап, долбоордук документтер

0 көрүүkabar.kg
Барскоон – Бедел унаа жолу: Эки туннель жана 50дөн ашык көпүрө курулууда
Paylaş:

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу кызуу жүрүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда узундугу 161 чакырымды түзгөн жолдун геодезиялык жана инженердик изилдөөлөрү толук аяктап, долбоордук документтери даяр болду Мындан тышкары, Сөөк жана Ашуу-Суу туннелдеринде казуу иштери жүрүп жатат. Эстакадалык көпүрөлөр үчүн пайдубал устундарын орнотуу иштери башталды. Ошондой эле курулушту жана элдин кыймылын жеңилдетүү үчүн Карасай дарыясына узундугу 60 метрлик убактылуу көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди Азыркы тапта курулушта 1 100дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө, жакында алардын санын 1 500 – 2 500 адамга чейин көбөйтүү пландалууда Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык туруктуу жүрүп жатат. Долбоордун негизги иштерин 2029-жылы аяктоо, ал эми жолду 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler