Баку CNN телеканалынан Азербайжанга каршы жалган жалааларды төгүнгө чыгарууну талап кылат
5-июнда CNN World сайтында жарыяланган макалада камтылган Азербайжандын аймагы Иранга каршы аскерий же чалгындоо операциялары үчүн пайдаланылып жатат деген дооматтар, ошондой эле өлкөдө Израилге таандык күчтөрдүн жайгаштырылышы толугу менен негизсиз жана биз аларды чечкиндүү түрдө четке кагабыз Бу

5-июнда CNN World сайтында жарыяланган макалада камтылган Азербайжандын аймагы Иранга каршы аскерий же чалгындоо операциялары үчүн пайдаланылып жатат деген дооматтар, ошондой эле өлкөдө Израилге таандык күчтөрдүн жайгаштырылышы толугу менен негизсиз жана биз аларды чечкиндүү түрдө четке кагабыз Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаденин CNN World телеканалында жарыяланган Азербайжан тууралуу негизсиз айыптоолор боюнча комментарийинде айтылат Белгиленгендей, макалада камтылган айыптоолорду азербайжан тарап бир нече жолу четке кагып, анын талабына жооп катары CNN телеканалынын редакциясына алдын ала тийиштүү расмий позиция жөнөтүлгөн «Эч кандай ынанымдуу далилдерди келтирбестен жана Азербайжандын расмий позициясын эске албастан, анонимдүү булактарга негизделген билдирүүлөрдү жарыялоо объективдүүлүктү, калыстыкты жана кесипкөй журналисттик этика принциптерине карама-каршы келет Бир нече жолу айтылгандай, Азербайжандын аймагы кандайдыр бир үчүнчү мамлекетке каршы аскердик операциялар, чалгындоо иштери же башка душмандык аракеттер үчүн пайдаланылган деген дооматтардын эч кандай негизи жок. Биздин өлкө өз аймагын мындай максаттарга пайдаланууга эч качан жол берген эмес жана бербейт Азербайжан аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоого умтулат. Мындай негизсиз жана колдоого алынбаган билдирүүлөр жалган маалымат таратуунун кезектеги аракети CNN негизсиз айыптарды камтыган бул басылманы жокко чыгарат деп күтөбүз», - деп кошумчалады Айхан Хажизаде Текстте ката байкадыңызбы? Текстти тандап, тергичтен Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз


