Баку бульварында классикалык жана суперкарлардын фестивалы өттү (ФОТО)
Баку, Азербайжан, 6-июнь. 6-июнда Бакуда "Классика жана суперкарлар" фестивалы башталды Эки күндүк фестиваль Деңиз жээгиндеги улуттук паркта Азербайжан Автоунаа Федерациясы (AAF) менен Nazar Holdings биргелешип уюштурулуп жатат Эки күн бою Баку бульварында классикалык унаалар, суперкарлар жана с

Баку, Азербайжан, 6-июнь. 6-июнда Бакуда "Классика жана суперкарлар" фестивалы башталды Эки күндүк фестиваль Деңиз жээгиндеги улуттук паркта Азербайжан Автоунаа Федерациясы (AAF) менен Nazar Holdings биргелешип уюштурулуп жатат Эки күн бою Баку бульварында классикалык унаалар, суперкарлар жана спорттук унаалар көргөзмөгө коюлат Көргөзмөгө Азербайжандын Автоунаа Федерациясынын автоунаа коллекциясы, ошондой эле иш-чарага катталган автоунаа ээлеринин унаалары коюлган Фестивалда көргөзмөгө коюлган классикалык унаалар 1986-жылга чейин чыгарылган унаалар. Классикалык унаалар автомобиль өнөр жайынын тарыхын жана өнүгүү этаптарын чагылдырган сейрек кездешүүчү унаалар. Алар ез убагындагы езунун уникалдуу конструкциясы жана инженердик жетишкендиктери менен айырмаланат. Бул унаалар сакталып, реставрацияланып, коллекционерлер жана авто сүйүүчүлөр тарабынан чоң кызыгуу менен көргөзмөгө коюлат. Ар бир классикалык унаа өз доорунун тарыхын сактап турат Фестивалда ретро унаалар менен катар күчтүү кыймылдаткычтары жана заманбап технологиялары менен айырмаланган спорттук унаалардын жана суперкарлардын ар кандай түрлөрү да тартууланат Ошентип, фестивалга келген коноктор жогорку ылдамдыгы жана инновациялык технологиялары менен айырмаланган заманбап унаалар менен да, тарыхы жана көрктүүлүгү менен бааланган ретро унаалар менен да бир жерден таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Автоунаа өнөр жайынын өнүгүшүн жана ар кандай доорлордун рухун чагылдырган бул унаалардын ар бири өзүнүн кайталангыс өзгөчөлүктөрү менен коноктордун кызыгуусун жаратты Саат 11:00дө (GMT +4) башталган көргөзмө 6-июнь саат 18:00гө чейин жана 7-июнь саат 16:00гө чейин уланат


