Баку — Тбилиси — Баку жургунчулер поезддеринин графиги жарыяланды
«Азербайжан темир жолу» ААК менен «Грузия темир жолу» ААК ортосунда жетишилген алдын ала макулдашууга ылайык, Баку-Тбилиси-Баку багытындагы поезддердин жүрүү графиги аныкталды Бул тууралуу «Азербайжан темир жолу» ААК маалымат таратты, деп билдирет 525.az Маалыматка ылайык, поезддер Бакудан күн са

«Азербайжан темир жолу» ААК менен «Грузия темир жолу» ААК ортосунда жетишилген алдын ала макулдашууга ылайык, Баку-Тбилиси-Баку багытындагы поезддердин жүрүү графиги аныкталды Бул тууралуу «Азербайжан темир жолу» ААК маалымат таратты, деп билдирет 525.az Маалыматка ылайык, поезддер Бакудан күн сайын саат 23:10до чыгып, эртеси саат 08:41де Тбилисиге келет Поезд Тбилисиден саат 21:00дө чыгып, эртеси саат 06:24тө Бакуга келет Баку-Тбилиси-Баку багытындагы поезддер Азербайжандын аймагындагы Баку темир жол вокзалында, Билажари, Евлах, Гянджа, Агстафа жана Бейюк Касик станцияларында, Грузиянын аймагындагы Гардабани жана Тбилиси темир жол станцияларында токтойт Кошумча маалымат коомчулукка берилет


