Бакудагы атактуу үйлөнүү үлпөт сарайларынын биринде жылкынын эти табылган
Баку шаарынын Низами районунда иштеп жаткан "Альп Делюкс" той үйүндө тамакка сунушталган эттен жылкынын ДНКсы аныкталды Бул тууралуу Modern.az агенттигине Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу агенттиги билдирди Маалым болгондой, ресторанды текшерүү учурунда муздак тамак-аш жана ысык тамак даярдал

Баку шаарынын Низами районунда иштеп жаткан "Альп Делюкс" той үйүндө тамакка сунушталган эттен жылкынын ДНКсы аныкталды Бул тууралуу Modern.az агенттигине Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу агенттиги билдирди Маалым болгондой, ресторанды текшерүү учурунда муздак тамак-аш жана ысык тамак даярдалуучу жайларда желдетүү системасы орнотулбаганы, тамак-ашка тийген беттери жуулчу жана дезинфекцияга чыдамдуу материал менен жабылбаганы, сактоочу жайдагы шыпта жайгашкан суу өткөргүчтөрү жылууланбаганы, муздаткычтын текчелери дат баскандыгы аныкталган Шектүү жагдайлардан улам керектөө үчүн сунушталган эттердин үлгүлөрү алынып, лабораториялык экспертизадан өткөрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында үлгүлөрдөн жылкынын ДНКсы аныкталган. Кемчиликтер боюнча мекеменин жетекчисине административдик протокол түзүлдү. Эт жүгүртүүдөн чыгарылып, керектөөгө сунушталышына бөгөт коюлду, милдеттүү түрдө көрсөтмөлөр берилди


