Баку музыкалык академиясында “Нариман Хасанзаде – 95” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланышты
8-майда Узейир Хажибейли атындагы Баку музыкалык академиясында (БМА) “Нариман Хасанзаде – 95” конкурсунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү БМАдан АЗАРТАГ-га билдиришкендей, тарых-теория факультети уюштурган иш-чарага академиянын профессордук-окутуучулук курамы, калыстар тобу жана студенттер катышт

8-майда Узейир Хажибейли атындагы Баку музыкалык академиясында (БМА) “Нариман Хасанзаде – 95” конкурсунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү БМАдан АЗАРТАГ-га билдиришкендей, тарых-теория факультети уюштурган иш-чарага академиянын профессордук-окутуучулук курамы, калыстар тобу жана студенттер катышты. Иш-чара Эл акыны Нариман Хасанзаденин басып өткөн жолун чагылдырган видеотасма менен башталды Салтанатта акындын поэзиясы тууралуу кеңири маек ачылып, анын сөзүнө жазылган ырлар аткарылды Иш-чаранын алкагында жеңүүчүлөр тарабынан даярдалган чыгармачылык видеороликтер көрсөтүлдү. Клиптердин терең философиялык мазмуну, эстетикалык образдары жана жогорку эмоционалдык таасири көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды Калыстар тобунун чечими менен сынактын жеңүүчүлөрү түрдүү номинациялар боюнча аныкталды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар да тапшырылды Конкурстун эц жогорку му-кофогу — Гран-при Баку музыкалык академиясынын тарых-теория факультетинин биринчи курсунун студенти Эйюб Алиевге тапшырылды Иш-чаранын соңунда көрсөтүлгөн видеотасмада Эл акыны Нариман Хасанзаде студенттерге ыраазычылык билдирип, алардын чыгармачылык демилгесин, поэзияга болгон аяр мамилесин жогору баалап өттү 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


