“Баку марафону 2026” башталды
Гейдар Алиев Фондунун демилгеси менен уюштурулган “Баку марафону 2026” башталды Марафондо Азербайжандын жарандарынан тышкары АКШ, Германия, Улуу Британия, Кытай, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары да жеңиш үчүн ат салышууда Адаттагыда

Гейдар Алиев Фондунун демилгеси менен уюштурулган “Баку марафону 2026” башталды Марафондо Азербайжандын жарандарынан тышкары АКШ, Германия, Улуу Британия, Кытай, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары да жеңиш үчүн ат салышууда Адаттагыдай эле быйылкы сынакка физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген жана Даун синдрому бар адамдар да катышууда. Марафон эртең менен саат 10до башталганы менен, саат 7ден тарта Мамлекеттик туу аянтында жарыш маанай өкүм сүрдү. Мелдештин алдында спортчулар зонасында катышуучулар үчүн йога жана денени жылытуу көнүгүүлөрү, ди-джейлер, «фан зонада» түрдүү оюн-зоок жана интерактивдүү оюндар уюштурулду Тогузунчу жолу өтүп жаткан “Баку марафону” биринчи жолу 42 чакырым толук аралыкта уюштурулууда. Жарыш Мамлекеттик туу аянтынан башталды. Катышуучулар белгиленген маршрут боюнча Sea Breeze аймагында марага жетет

