БУУнун баш катчысы Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга тынчсыздануусун билдирди
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кайра курчушуна тынчсыздануусун билдирип, бардык тараптарды сабырдуулукка жана ок атышпоо режимин сактоого чакырды ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун баш катчысынын орун басары Фархан Хак тараткан билдирүүдө Гутерриш аймакт

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кайра курчушуна тынчсыздануусун билдирип, бардык тараптарды сабырдуулукка жана ок атышпоо режимин сактоого чакырды ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун баш катчысынын орун басары Фархан Хак тараткан билдирүүдө Гутерриш аймактагы кырдаалдын курчушу туруксуздукту күчөтүшү мүмкүн экенин белгиледи Башкы катчы бардык тараптарды чабуулдарды токтоосуз токтотууга, максималдуу сабырдуулукка жана кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөөгө чакырат, деп айтылат билдирүүдө БУУнун башкатчысы ошондой эле тараптарды Ливан, Иран жана Газа тилкесинде ок атышпоо режимин толук сактоого жана дипломатиялык аракеттерге тоскоол болгон кадамдардан алыс болууга чакырды


