Азык-түлүк бааларын санариптик көзөмөлдөө киргизилиши мүмкүн
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн мининистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлдөрү менен жолукту Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда азык-түлүк товарлары

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Бүгүн мининистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлдөрү менен жолукту Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды Тараптар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рыноктогу бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту WFP өкүлдөрү райондук деңгээлде азык-түлүк товарларынын баалары боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана ыкчам мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан санариптик платформанын долбоорун тааныштырышты. Платформа рыноктогу баа өзгөрүүлөрүнө өз убагында баа берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт Тараптар платформаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, маалымат алмашуу механизмдерин жана азык-түлүк рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу маселелерин карашты. Жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги белгиленди
Diğer Haberler

Алматы аэропортунда вентиляциялык түтүктүн бир бөлүгү жүргүнчүлөрдүн жанына кулап түштү

Алматыда шылуундар менен байланышып, чоң апасы менен небереси үйүнөн ажырап калышты
