Азербайжанды куткарууга алып баруучу тарыхый жолдун башталышы
Эл турмушунда жылдар өтсө да ал күндөр өз маанисин жоготпой, келечек муундарга өрнөктүү окуялардын символу болуп калган бурулуш учурлар бар. 15-июнь ушундай тарыхый окуялардын бири болгон күн. Бүгүнкү күндүн маңызы – бийликти алмаштыруу гана эмес, эгемендүү Азербайжан мамлекетин сактап калуу, стабил

Эл турмушунда жылдар өтсө да ал күндөр өз маанисин жоготпой, келечек муундарга өрнөктүү окуялардын символу болуп калган бурулуш учурлар бар. 15-июнь ушундай тарыхый окуялардын бири болгон күн. Бүгүнкү күндүн маңызы – бийликти алмаштыруу гана эмес, эгемендүү Азербайжан мамлекетин сактап калуу, стабилдүүлүктү калыбына келтирүү жана келечектеги өнүгүү жолун аныктоо. 1990-жылдардын башы Азербайжандын тарыхындагы эң татаал мезгилдердин бири катары эсте калды. СССР кулагандан кийин кайрадан эгемендүүлүккө ээ болгон өлкөбүз тышкы агрессияга да, ички саясий тирешүүлөргө да туш болду. Армениянын баскынчылык саясатынын натыйжасында жерибизден ажырап, фронтто ийгиликсиздиктер болду. Экинчи жагынан өлкөнүн ичиндеги бийлик үчүн күрөш, башкаруудагы кемчиликтер жана мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгү кырдаалды курчутту. 70 жылдан кийин кандын баасы менен калыбына келтирилген улуттук мамлекеттүүлүгүбүз олуттуу сыноого туш болду 1993-жылдын июнь окуясы Азербайжандын келечектеги тагдырын аныктады. Ошондо элдин басымдуу көпчүлүгү Гейдар Алиевди өлкөнү кризистен алып чыга турган жалгыз саясий лидер катары көрүшкөн. Анын Бакуга кайтып келиши жана 15-июнда Жогорку Советтин Председатели болуп шайланышы елкеде жацы саясий этаптын башталышы болуп калды жана анын натыйжалары басаңдаган жок. Өлкөдө стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча маанилүү кадамдар жасалды, мамлекеттик башкарууда тартип түзүлдү, өлкөдө жарандык кагылыштарга бөгөт коюлуп, фронтто ок атышууну токтотууга жетишилди. Азербайжан бара-бара башаламандыктан чыгып, өз алдынча өнүгүү жолуна түштү. Ошол мезгилде калыптанган саясий жана экономикалык курс елкенун кийинки жылдардагы ийгиликтеринин негизин тузду. Ошондуктан 15-июнь Улуттук боштондук күнү деп жарыяланды Улуттук боштондук күнү Азербайжандын эл аралык мамилелер системасындагы татыктуу ордун башташы катары да эсептелет. Мамлекеттик кызыкчылыкка негизделген тышкы саясат өлкөнүн аброюн арттырып, экономиканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Гейдар Алиев алдыга койгон мунай стратегиясынын ишке ашырылышы, өлкөнүн экономикасына чет элдик инвестициянын тартылышы, бардык тармактарда артка кайтпастан жасалган маанилүү реформалар Азербайжандын аймактын алдыңкы мамлекеттеринин бири болушуна негиз түздү Бүгүн артка кылчайып карап көрсөк, 15-июнь мамлекеттүүлүгүнөн, бүтүндөй эгемендүүлүгүнөн ажырап бараткан элдин тарыхый өнүгүү, кайра жаралуу концепциясынын башталышы болгон. Азербайжандын кийинки ийгиликтери, анын күчтүү жана көз карандысыз мамлекетке айланышы, анын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин толук калыбына келтирүүсү ошол саясий курстун логикалык уландысы болуп саналат. Улуттук боштондук күнү – элибиздин биримдикке болгон эркинин, мамлекеттүүлүк салтына берилгендигинин, улуттук кызыкчылыктын айланасына бириге билүүсүнүн символу. Арадан жылдар өтсө да 15-июнь Азербайжандын тарыхында мамлекетибиздин куткарылышынын жана көтөрүлүшүнүн башталышы катары өз маанисин сактап кала берет Жаваншир Фейзиев, Жогорку Кеңештин депутаты


