Азербайжан менен Украинанын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду
Азербайжандын санариптик өнүгүү жана транспорт министри Рашад Набиев Лейпцигде Украинанын вице-премьер-министри, коомчулук жана аймактык өнүгүү министри Алексей Кулеба менен жолугушту Бул тууралуу ал "Х" социалдык тармактагы аккаунтуна жазганын 525.az жазды «Жолугушууда Азербайжан менен Украинаны

Азербайжандын санариптик өнүгүү жана транспорт министри Рашад Набиев Лейпцигде Украинанын вице-премьер-министри, коомчулук жана аймактык өнүгүү министри Алексей Кулеба менен жолугушту Бул тууралуу ал "Х" социалдык тармактагы аккаунтуна жазганын 525.az жазды «Жолугушууда Азербайжан менен Украинанын ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, өзгөчө эл аралык автотранспортто транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана санариптик чечимдерди ишке ашыруу талкууланды», - деген Р.Набиев, эл аралык автотранспортто электрондук уруксат берүү системасын (e-Permit) ишке киргизүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын кошумчалады: "Бул демилге чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүүгө, ташууларды санариптештирүүгө жана ташуучулар үчүн ийкемдүү жана натыйжалуу иштөө чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшөт"

