Азербайжан менен Словакиянын парламенттеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду
Ричард Рашинин бул сапары Азербайжан менен Словакиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат Бул тууралуу Бакуда Словакиянын Улуттук кеңешинин төрагасы Ричард Раши менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Милли Межлистин спикери Сахиба Гафаро

Ричард Рашинин бул сапары Азербайжан менен Словакиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат Бул тууралуу Бакуда Словакиянын Улуттук кеңешинин төрагасы Ричард Раши менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Милли Межлистин спикери Сахиба Гафарова билдирди, деп маалымдайт Modern.az “Бүгүн биз өткөргөн талкууларда парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да кеңейтүү боюнча бирдиктүү пикирге ээ болдук”,-деди Сахиба Гафарова Анын айтымында, эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү Милли Межлистин төрагасы өлкөлөр ортосундагы экономикалык, соода-сатык, энергетика жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык өнүгүп жатканын, гуманитардык тармактагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи Сахиба Гафарова парламенттер аралык кызматташуу боюнча бүгүн кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна көңүл буруп, бул документ парламенттер ортосундагы кызматташууга жол ачарын белгиледи "Ал эми Словакия парламентинин делегациясы Агдамдын Баш Гарванд айылына да барат. Бул айылдын курулушун словакиялык компаниялар жүргүзүп жатканын билесиздер. Биз Словакиянын Карабакты калыбына келтирүүдө Азербайжанга көрсөткөн колдоосун жогору баалайбыз. Бул айыл оккупациядан бошонгон жерлерде азербайжан-словак достугунун үлгүсү болот", - деп кошумчалады Милли Межлистин төрагасы


