Азербайжан жазуучусунун чыгармасы Батыш Сибирь сахнасында
Россия Федерациясынын Батыш Сибирь аймагында жайгашкан Нефтеюганск шаарында азербайжандык жазуучу-драматург Вугар Хагвердиевдин «Жаман балдардын планетасы» пьесасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы болду. Премьера «Юность» маданий борборунда өттү. Спектаклди Россиянын абройлуу "Звезда теат

Россия Федерациясынын Батыш Сибирь аймагында жайгашкан Нефтеюганск шаарында азербайжандык жазуучу-драматург Вугар Хагвердиевдин «Жаман балдардын планетасы» пьесасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы болду. Премьера «Юность» маданий борборунда өттү. Спектаклди Россиянын абройлуу "Звезда театрала" сыйлыгынын лауреаты "Чайка" жаштар театралдык студиясы койгон. Спектаклде студиянын ар турдуу курактагы топторунун екулдеру болгон таланттуу актёрлор ойношту Бул тууралу Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын «Илим» басмасынын директорунун орун басары Вугар Хагвердиев АЗЕРТА-га билдирди Анын айтымында, спектаклдин режиссеру театрдын жетекчиси Лариса Мирославина. “Жаман балдар планетасы” спектакли акыркы жылдары Орусиянын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Выборг, Ямал, Омск шаарларында, ошондой эле Санкт-Петербургдагы дагы бир окуу жай болгон Невский орто мектебинде коюлган. «Азербайжан жазуучусу жазган чыгарманын Сибирь аймагында коюлушу биздин драматургиябыздын чет өлкөлөрдө ийгиликтүү көрсөтүлүп жаткандыгынын жана азыркы авторлорубуздун чыгармаларына болгон кызыгуунун дагы бир мисалы», - деп кошумчалады ал 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек


