Азербайжанда жаңы университет ачылышы мүмкүн
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык алака акыркы убакта солгундап кеткенин жана азыр дагы бекемделиши керектигин билдирди Бул тууралуу ТАСС агенттигине берген маегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча төртүнчү департ

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык алака акыркы убакта солгундап кеткенин жана азыр дагы бекемделиши керектигин билдирди Бул тууралуу ТАСС агенттигине берген маегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча төртүнчү департаментинин директору Михаил Калугин билдирди, деп маалымдайт Modern.az Анын айтымында, маданий-гуманитардык тыгыз байланышсыз толук кандуу эки тараптуу кызматташуу мүмкүн эмес Калугин: «Тилекке каршы, бул тармак акыркы убакта алсырап кетти, азыр аларды чыңдоо мезгили келди», - деп белгиледи Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да бул жаатта келечектүү долбоорлорго көңүл бурду. Алардын арасында Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде Азербайжанда биргелешкен университеттин ачылышы, ошондой эле Москва менен Бакуда эки өлкөнүн элчиликтеринин алдында мектептердин ачылышы бар


