Азербайжанда тамеки кымбаттап жатат
Азербайжандын тамеки рыногунда кезектеги баанын өсүшү күтүлүүдө. Жергиликтуу басма сездун маалыматтарына Караганда, тамекинин чекене баасы жакынкы кундерде 20—30 тыйынга кымбатташы мумкун Бул тууралуу маалымат берген ишенимдүү булактын айтымында, күтүлүп жаткан баалардын өсүшүнө байланыштуу айрым

Азербайжандын тамеки рыногунда кезектеги баанын өсүшү күтүлүүдө. Жергиликтуу басма сездун маалыматтарына Караганда, тамекинин чекене баасы жакынкы кундерде 20—30 тыйынга кымбатташы мумкун Бул тууралуу маалымат берген ишенимдүү булактын айтымында, күтүлүп жаткан баалардын өсүшүнө байланыштуу айрым кварталдык дүкөндөр, базарлар жана күркөлөр тамекилердин жаңы партиясын кабыл алууга шашылбай жатат Modern.az сайты Республикалык альтернатива (REAL) партиясынын төрагасы, экономист Натиг Жафарли "Cebheinfo.az" басылмасына билдиргендей, Азербайжанда тамекилердин баасынын өсүшү салык жана акциздик ставкаларга байланыштуу: "Бул социалдык жана назик маселе болбогондуктан, өкмөт салыктарды көтөрүүдө ыңгайлуу жана бул дүйнө жүзү боюнча ушундай. Кийинки салык жана акциздердин жогорулашы тамекинин баасына да таасирин тийгизип, баалар көтөрүлүшү мүмкүн" Мунун социалдык жагы тамекинин баасы көтөрүлүп, тамекини таштаган жарандардын саны көбөйөт” Экономист бул маселеде “алтын ортону” алуу керектигин белгиледи: Анткени, эгерде Азербайжанда тамеки өтө кымбаттап кетсе, башкача айтканда, коңшу мамлекеттер менен баа айырмасы чоң болсо, анда биздин өлкөгө аткезчилик жол менен тамеки ташууну каалагандардын саны кескин көбөйүшү мүмкүн», - деди ал


