Азербайжанда интернет-провайдерлерге карата талаптар күчөтүлүүдө
Азербайжанда жеке маалыматтар жана купуялуулукту коргоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында жаңы чаралар пакети даярдалууда Интернет-провайдерлерге карата маалымат коопсуздугу жаатындагы мыйзам талаптарын күчөтүү пландалып жатканын Modern.az билдирди Бул багытта ортомчу комп

Азербайжанда жеке маалыматтар жана купуялуулукту коргоо жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында жаңы чаралар пакети даярдалууда Интернет-провайдерлерге карата маалымат коопсуздугу жаатындагы мыйзам талаптарын күчөтүү пландалып жатканын Modern.az билдирди Бул багытта ортомчу компаниялардын милдеттенмелери, маалыматтарды чогултуу процессине карата колдонулуучу чектөөлөр, компенсациялоо механизмдери, ошондой эле башка мыйзам талаптары боюнча тиешелүү ченемдик актыларды иштеп чыгуу пландаштырылууда Ошону менен бирге, интернет-провайдерлер тарабынан маалыматтардын купуялуулугун бузуу фактылары жөнүндө тиешелүү органдарга билдирүү механизмин дагы тактоо күтүлүүдө. Бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган долбоорлорду даярдоо да пландалууда. Аталган иш-чараларды санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлиги, ошондой эле Электрондук коопсуздук кызматы 2026-жылдын декабрына чейин ишке ашыруу пландалууда


