Азербайжанга келгендердин саны азайды
2025-жылы Азербайжандын чек ара бекеттери аркылуу өткөндөрдүн жалпы саны 9 миллион 351,6 миң адамды түздү Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик статистика комитетинин «Азербайжандагы туризм» жыйнагында жазылганын Modern.az сайты билдирди Маалыматка ылайык, чек ара бекеттери аркылуу өткөн 4 миллион 2

2025-жылы Азербайжандын чек ара бекеттери аркылуу өткөндөрдүн жалпы саны 9 миллион 351,6 миң адамды түздү Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик статистика комитетинин «Азербайжандагы туризм» жыйнагында жазылганын Modern.az сайты билдирди Маалыматка ылайык, чек ара бекеттери аркылуу өткөн 4 миллион 212,7 миң адам Азербайжандын жарандары, ал эми 5 миллион 138,9 миң адам чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар болгон 2024-жылга салыштырмалуу чек арадан өткөндөрдүн жалпы саны 193 миң 300 адамга азайган. Алсак, бир жыл мурун бул көрсөткүч 9 миллион 544,9 миң адамды түзгөн Өткөн жылы өлкө аймагына киргендердин саны 4 миллион 673 миң болгон. Алардын 2 миллион 102,8 миңи Азербайжандын жарандары, 2 миллион 570,2 миңи чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар болгон Ошол эле учурда 2025-жылы Азербайжандан кеткендердин саны 4 миллион 678,6 миң адамга жеткен. Бул көрсөткүчтүн 2 миллион 109,9 миңин Азербайжандын жарандары, 2 миллион 568,7 миңин чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар түзгөн Статистикалык маалыматтарга караганда, былтыр Азербайжанга келген чет элдиктердин жана жарандыгы жок адамдардын саны 2 миллион 570,2 миң адамды түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 56,5 миң адамга же 2,1 пайызга аз. Бир жыл мурун өлкөгө 2 миллион 626,7 миң чет элдик жаран кирген Өлкөгө келген чет элдиктердин көбү аба транспортун колдонушкан. Алсак, былтыр Азербайжанга 1 миллион 947,1 миң чет өлкөлүк жаран аба, 585,6 миң автоунаа, 34 миң адам суу, 3,5 миң адам темир жол менен келген Азербайжан жарандарынын чет өлкөлөргө жасаган сапарларында да аба транспорту басымдуулук кылган. Өткөн жылы чет өлкөгө чыккан 2 миллион 109,9 миң азербайжан атуулунун 1 миллион 468,7 миңи аба, 598,1 миңи автоунаа, 40,3 миңи суу, 2,8 миңи темир жол менен саякатка чыккан Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда Азербайжандын чек ара бекеттери аркылуу өткөндөрдүн саны 3 миллион 432,4 миң кишиден 9 миллион 351,6 миң адамга чейин өсүп, болжол менен 2,7 эсеге өскөн


