Азербайжан менен Эстониянын ортосунда саясий консультациялар болуп өттү
11-июнда Бакуда Азербайжан Республикасы менен Эстония Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин кезектеги саясий консультациялары болуп өттү Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады Азербайжандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Фариз Рзаев, Эстониянын деле

11-июнда Бакуда Азербайжан Республикасы менен Эстония Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин кезектеги саясий консультациялары болуп өттү Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады Азербайжандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Фариз Рзаев, Эстониянын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Мартин Роджер жетектеди Консультациялардын алкагында Азербайжан менен Эстониянын ортосундагы саясий мамилелердин учурдагы абалы каралды, эки тараптуу диалогдун үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо эл аралык аянтчаларда өткөрүлгөн өз ара сапарлардын жана жолугушуулардын ролу өзгөчө белгиленди Эстония Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигинин ачылышына канааттануу билдирилди Жолугушууда экономикалык, гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү перспективалары талкууланды. Ошону менен бирге Азербайжандын демилгеси жана активдүү катышуусу менен ишке ашырылып жаткан стратегиялык энергетика жана транспорт долбоорлору, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун перспективалары боюнча пикир алмашылды Тараптар аймактагы учурдагы кырдаалды, Азербайжан-Армения мамилелерин жөнгө салуу багытында аткарылган иштерди, ошондой эле оккупациядан бошотулган аймактарда ишке ашырылып жаткан масштабдуу калыбына келтирүү, реконструкциялоо жана миналарды тазалоо иш-чараларын талкуулашты Мындан тышкары, эки тарапты кызыктырган башка аймактык жана эл аралык маселелер да көңүл борборунда болду


