Азербайжандын жана Армениянын ишкер чейрелеру жолугушту
Азербайжандын аймагы аркылуу Арменияга товарлардын транзити ийгиликтүү ишке ашырылууда жана учурда улантылууда Бул тууралуу 229-апрелде Армения Республикасынын Агверен шаарында Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен Армениянын вице-премьер-министри Мер Григоряндын төрагалыгы алды

Азербайжандын аймагы аркылуу Арменияга товарлардын транзити ийгиликтүү ишке ашырылууда жана учурда улантылууда Бул тууралуу 229-апрелде Армения Республикасынын Агверен шаарында Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен Армениянын вице-премьер-министри Мер Григоряндын төрагалыгы алдында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана чек ара коопсуздугу маселелери боюнча комиссиянын он үчүнчү отурумунда айтылды Азербайжандын Арменияга мунай продуктуларын жеткирүүсү эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода мамилелеринин калыптанышынын көрсөткүчү экендиги белгиленди Ошондой эле тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда экономикалык жана коммерциялык кызматташтыкты өнүктүрүү, товарларды жана кызматтарды өз ара жеткирүү, ошондой эле транзиттик ташуу маселелери талкууланды


