Азербайжандын курама командасы Европа чемпиону болду
Словакияда өткөн кичи футбол боюнча Европа чемпиондугунда Азербайжандын улуттук командасы жеңишке жетти Элшад Гулиев машыктырган команда финалда украиналык команданы жеңип алганын Modern.az "Репортко" шилтеме берип билдирди "Типос Аренада" өткөн оюн 2:0 эсебинде аяктады Команданын голдорун Мирме

Словакияда өткөн кичи футбол боюнча Европа чемпиондугунда Азербайжандын улуттук командасы жеңишке жетти Элшад Гулиев машыктырган команда финалда украиналык команданы жеңип алганын Modern.az "Репортко" шилтеме берип билдирди "Типос Аренада" өткөн оюн 2:0 эсебинде аяктады Команданын голдорун Мирмехди Рзаев менен Иса Атаев киргизди Ошентип, Азербайжан курама командасы кичи футбол боюнча Европанын эки жолку чемпиону болду. Команда буга чейин 2022-жылы чемпион болгон Белгилей кетсек, Азербайжан курама командасы кечээ негизги убакытта 1:1 эсебинде аяктаган жарым финалдык беттештин пенальтилер сериясында Сербияны утуп алган - 3:1. F тайпасында Австрияны (1:0), Италияны (3:0) жана Францияны (3:2) жеңген команда 1/8 финалда Казакстанды (3:2), 1/4 финалда Чехияны (5:2) жеңип алды

