Азия өнүктүрүү банкы Азербайжандын саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды колдоого даяр - ФОТО
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Азербайжан өкмөтү тарабынан саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого даяр Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын аймактык департаментинин башкы директору Кристин Энгстром саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев менен жолугушууда билдирди А

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Азербайжан өкмөтү тарабынан саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого даяр Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын аймактык департаментинин башкы директору Кристин Энгстром саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев менен жолугушууда билдирди Ал өлкөдө медицина тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга жогору баа берди Теймур Мусаев белгилегендей, АӨБ менен кызматташуу реформаларды натыйжалуу ишке ашырууга жана эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө өбөлгө түзөт. Ал инновация, аймактык медициналык инфраструктураны өнүктүрүү жана кадрдык ресурстарды чыңдоо жаатында биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи Министр саламаттыкты сактоо системасын туруктуу өнүктүрүү, медициналык инфраструктураны модернизациялоо жана калктын сапаттуу кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп калаарын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө медициналык мекемелер реконструкцияланып, санариптик чечимдер киргизилүүдө


