Азербайжан жапондор үчүн визасыз режимди киргизет
Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Токиого болгон иш сапарынын алкагында япониялык кесиптеши Тошимицу Мотеги менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги таратты «Бул сапар эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өз ара

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Токиого болгон иш сапарынын алкагында япониялык кесиптеши Тошимицу Мотеги менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги таратты «Бул сапар эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө умтулуусун көрсөтөт», — деп айтылат билдирүүдө Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Япониянын тышкы иштер министри Тошимицу Мотеги менен болгон жолугушууда: «Азербайджан бардык жапон жарандары үчүн визасыз режим киргизүүгө ниеттенүүдө», - деди Байрамов белгилегендей, бул демилге саякаттарды жөнөкөйлөтүү, ишкердик байланыштарды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы мамилени чыңдоо жагынан маанилүү кадам болуп саналат


