Азербайжан жаратылыш газын Чехияга коңшу өлкөлөргө экспорттойт - президент Илхам Алиев
БАКУ, Азербайжан, 27-апрель. Азербайжан өзүнүн энергетикалык ресурстарын дүйнөлүк рынокко экспорттогон ишенимдүү өлкөлөрдүн катарына кирет. Муну Азербайжанды ишенимдүү өнөктөш катары баалаган Евробиримдик дагы белгилейт, деп билдирди президент Илхам Алиев Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш менен

БАКУ, Азербайжан, 27-апрель. Азербайжан өзүнүн энергетикалык ресурстарын дүйнөлүк рынокко экспорттогон ишенимдүү өлкөлөрдүн катарына кирет. Муну Азербайжанды ишенимдүү өнөктөш катары баалаган Евробиримдик дагы белгилейт, деп билдирди президент Илхам Алиев Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш менен болгон басма сөз жыйынында Мамлекет башчы белгилегендей, азербайжан газы учурда 16 өлкөгө экспорттолуп, анын 10у Евробиримдикке мүчө. «Андан тышкары Азербайжан жаратылыш газын Чехияга коңшу мамлекеттерге экспорттойт», - деп кошумчалады президент

