Азат Салидинов Монголияда өткөн рейтингдик турнирде күмүш медаль тагынды
“Спорт АКИpress” - Кыргызстандык спортчу Азат Салидинов Монголияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирде 2-орунду ээледи Бүгүн, 4-июнда Улан-Батор шаарында Ulaanbaatar Open турнири башталды Салидинов 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган Алгач кыргыз

“Спорт АКИpress” - Кыргызстандык спортчу Азат Салидинов Монголияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирде 2-орунду ээледи Бүгүн, 4-июнда Улан-Батор шаарында Ulaanbaatar Open турнири башталды Салидинов 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган Алгач кыргызстандык Монголиянын спортчусун 31 секундда жеңсе, андан кийин Кореянын өкүлүн 2 мүнөт 50 секундда жеңип алды Финалдык беттеште Салидинов Индиядан келген спортчуга утулуп, күмүш байгеге ээ болду Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдин биринчи күнүндөгү бешинчи медаль болду - 1 күмүш жана 4 коло Азат Салидинов - Баатархүү Усухбаяр (Монголия) - 9:0 Ли Сынхван (Корея) - Азат Салидинов - 0:9 Азат Салидинов - Кумар Сунил (Индия) - 1:4


