«Казакстан темир жолу» жыл аягына чейин IPOго чыгат
“Казакстан темир жолу” ишканасы ушул жылдын аягына чейин IPOго чыгууну пландап жатканын башкармалыктын төрагасы Талгат Алдыбергенов билдирди Азыр компания менен «Самрук-Казына» фонду кызуу даярдык көрүүдө "IPO үч листинг форматында (бир компаниянын акцияларын бир эле учурда үч түрдүү биржада жайг

“Казакстан темир жолу” ишканасы ушул жылдын аягына чейин IPOго чыгууну пландап жатканын башкармалыктын төрагасы Талгат Алдыбергенов билдирди Азыр компания менен «Самрук-Казына» фонду кызуу даярдык көрүүдө "IPO үч листинг форматында (бир компаниянын акцияларын бир эле учурда үч түрдүү биржада жайгаштыруу. - Автор) эл аралык платформаларда - Лондондо, Гонконгдо жана балким, Казакстанда өткөрүлүшү керек", - деди Алдыбергенов өкмөттүн брифингинде Ал кошумчалагандай, компания акцияларды биржада ушул жылдын ичинде эле ачык сунуштай баштайт Ошол эле маалда 19-майда Казакстандын транспорт министри Нурлан Сауранбаев рынокто абал жагымсыз бойдон калып жатканын, ошондуктан “Самрук-Казына” IPO өткөрүүнүн жаңы даталарын карап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул 2027-жылдын биринчи кварталында (январь-март) болушу мүмкүн Informburo.kz сайтына тиешелүү жаңылыктар жана материалдар


