Казакстандын экономикасы беш айда 3,7% өстү
Казакстандын экономикасы 5 айда 3,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Олжас Бектенов төрагалык кылган экономикалык өсүштү камсыздоо маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды. Эң чоң өсүш машина куруу тармагында. 22,2 процент. 5 айда 81 мицден ашык машина жыйналды. Кайра иштетүү, химия, айыл чарба тармактарында

Казакстандын экономикасы 5 айда 3,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Олжас Бектенов төрагалык кылган экономикалык өсүштү камсыздоо маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды. Эң чоң өсүш машина куруу тармагында. 22,2 процент. 5 айда 81 мицден ашык машина жыйналды. Кайра иштетүү, химия, айыл чарба тармактарында да темп жогору. Премьер-министр белгилегендей, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы өндүрүштөрдү өз убагында ишке киргизүү жана өсүштүн колдо болгон резервдерин натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Ошондой эле жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча реалдуу көлөмдүн индексинин пландык көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги бекитилди


