Айзада Субакожоева Виртуалдык активдер боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
Садыр Жапаров Айзада Субакожоеваны Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындаганын президенттик аппараттын басма сөз борбору билдирди. Жаңы жетекчинин дипломатиялык кызматта, эл аралык мамилелерде жана тышкы саясатта 20 жылдан а

Садыр Жапаров Айзада Субакожоеваны Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындаганын президенттик аппараттын басма сөз борбору билдирди. Жаңы жетекчинин дипломатиялык кызматта, эл аралык мамилелерде жана тышкы саясатта 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар Айзада Субакожоева Фрунзе шаарында туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин артыкчылык диплому менен, 2004-жылы Пекин университетинин эл аралык мамилелер факультетинен билим алган. Кытай жана англис тилдеринде сүйлөйт 2009-2013-жылдары Кыргызстандын КЭРдеги элчилигинде атташе жана үчүнчү катчы кызматтарын аркалаган. Кийин Тышкы иштер министрлигинин, Президенттик аппараттын бөлүмдөрүндө иштеп, тышкы саясат маселелерин жетектеген 2018–2021-жылдары Айзада Субакожоева Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстандын атынан катышып, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары жана Маалымат жана талдоо департаментинин директору болуп иштеген. 2022-жылдын сентябрында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий башкармалыгын жетектеген Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз – Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


