"Axios": АКШ Иранга уранды байытууга 20 жылдык мораторий сунуштады
Исламабадда (Пакистан) өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШ Иранга уранды байытууга 20 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады Бул тууралуу «Axios» америкалык аткаминерге таянуу менен жазып чыкты Кабарларга караганда, иран тарап кыскараак мораторий мөөнөтүн сунуштоо менен жооп кайтарды, булактар бул мөөнөттү 20

Исламабадда (Пакистан) өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШ Иранга уранды байытууга 20 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады Бул тууралуу «Axios» америкалык аткаминерге таянуу менен жазып чыкты Кабарларга караганда, иран тарап кыскараак мораторий мөөнөтүн сунуштоо менен жооп кайтарды, булактар бул мөөнөттү 20 жылдан ашпаган "таза эмес" деп сыпатташат "Ирандын өзөктүк программасы боюнча пикир келишпестиктер макулдашууга жетишүүдөгү негизги тоскоолдук бойдон калууда. Тактап айтканда, талаш Тегеран уран байытуудан жана ансыз деле топтолгон запастарынан баш тартууга даярбы же жокпу деген маселе", - деп белгилешти булактар «Axios» маалыматына ылайык, Тегеран көзөмөл астында байытуу деңгээлин төмөндөтүүнү сунуш кылган. Маалымат булактары ошондой эле иран тарап убактылуу макулдашууга жетишүүнү күткөндүгүн, бирок АКШнын вице-президенти Жей Д.Венстин сүйлөшүүлөрдүн аякташы жана америкалык делегациянын кетиши тууралуу билдирүүсү алар үчүн күтүүсүз болгонун белгилешет Эске сала кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы аскерий операцияларын баштап, бир катар шаарларга абадан сокку урган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи соккулардын натыйжасында өлтүрүлгөн. Буга жооп иретинде Иран Израилдин аймагына ракеталык сокку уруп, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына сокку урду 8-апрелде Иран менен АКШ жана алардын союздаштары эки жумалык ок атышпоо тууралуу макулдашкан 11-12-апрелде Исламабадда Пакистандын ортомчулугу менен Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өттү. Вашингтон менен Тегерандын бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрү келишимсиз аяктады Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгындагы америкалык блокаданы бузууга аракет кылган бардык ирандык кемелерди жок кылам деп коркуткан Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


.webp&w=2048&q=70)