Жакынкы Чыгышта аба каттамдары токтоп турат
Иран менен Израилдин ортосундагы конфликт кескин курчуп кеткенден кийин Жакынкы Чыгыштагы аба каттамдары дээрлик шал болуп калды. Коопсуздук коркунучунан улам Иран, Ирак жана Сириянын үстүндөгү аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн убактылуу жабылды Израил да каттамдарды кабыл алууну жана учууну ток

Иран менен Израилдин ортосундагы конфликт кескин курчуп кеткенден кийин Жакынкы Чыгыштагы аба каттамдары дээрлик шал болуп калды. Коопсуздук коркунучунан улам Иран, Ирак жана Сириянын үстүндөгү аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн убактылуу жабылды Израил да каттамдарды кабыл алууну жана учууну токтотту, бирок буга чейин бир нече учак Будапешт, Афина жана Эйлат багытында учуп кеткен Аймактын асманында Иордания аркылуу багыт алган учактардын кластери катталды Эске сала кетсек, 7-июндан 8-июнга караган түнү Иран Израилди көздөй ракета учурган. Ирак бийликтери аба мейкиндигин 72 саатка жабуу тууралуу жарыялады. Сирия Дамаск аэропортун 12 саатка ирандык ракеталарды кармаган жардыруулардан улам жапканын жарыялады


