Ок атышууну токтотуунун альтернативасы – кайра согушка баруу жана эч ким мунун өтүшүн каалабайт
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда жайгашкан Al Jazeera каналына берген маегинде күн тартибинин ысык темаларына баа берди. Айрыкча АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү процессине токтолгон Фидан учурдагы кырдаалдын сезимталдыгына көңүлдөрдү бурду Министр Фидан эки өлкөнүн ортосундагы сүйлө

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда жайгашкан Al Jazeera каналына берген маегинде күн тартибинин ысык темаларына баа берди. Айрыкча АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү процессине токтолгон Фидан учурдагы кырдаалдын сезимталдыгына көңүлдөрдү бурду Министр Фидан эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдө эң шашылыш приоритеттин ок атышпоонун сакталышы экенин белгилеп, төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады: "Ок атууну токтотуунун альтернативасы - согушка кайтуу жана эч ким бул сценарийди кайра башынан өткөрүүнү каалабайт. Анткени азыр бүткүл дүйнөлүк экономика жана энергетикалык коопсуздук бул согуштан жабыркап жатат". Сүйлөшүү процессинин табиятынан улам өйдө-ылдый менен бара жатканын белгилеген Фидан, тараптардын акыркы кездеги пикир келишпестиктеринин бул процесстин табигый бир бөлүгү экенин жана сүйлөшүүлөрдүн улана турганын баса белгиледи АКШнын Ирандан келген сунушту четке какканы менен эшиктердин толугу менен жабылбаганына көңүл бурган Фидан, «жаңы жана алгылыктуу» билдирүүлөр ар дайым табыла турганын айтты. Сүйлөшүүлөр тоскоол болгондо сырттан ишенимдүү өнөктөштөргө муктаждык бар экенин түшүндүргөн министр Фидан, Түркиянын бул учурда аймактагы өлкөлөр менен бирге аткарган конструктивдүү ролуна көңүлдөрдү бурду Түркиянын ортомчулук процесстеринде 2010-жылдан бери активдүү болгонун эске салган Фидан Пакистандын жүргүзгөн иштерин колдогондорун айтты. Аймактагы дипломатиялык жол кыймылы тууралуу маалымат берген Фидан: «Түркиянын ролу Катар баш болгон аймак өлкөлөрү менен ортомчулук үчүн колунан келгенин кылган Пакистанга мүмкүн болушунча жардам берүү»,-деген Фидан эки тарап менен жана өз ара байланыштарын улантып жатышкандарын айтты Министр Фидан аймак өлкөлөрүнүн ортосунда маңыздуу байланыш процесстеринин иштеп жатканын белгиледи; Ал кошумчалагандай, бардык актерлор, анын ичинде Египет жана Иордания процесстин сергек түрдө уланышын камсыз кылуу үчүн интенсивдүү кеңешүүдө


