Актөбө облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду
Актөбө облусунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Кырсык "Актөбө - Астрахань" унаа жолунун боюнда, Байганин районунун аймагында болгон Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Camry үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышкан. Сокку катуу бо

Актөбө облусунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Кырсык "Актөбө - Астрахань" унаа жолунун боюнда, Байганин районунун аймагында болгон Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Camry үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышкан. Сокку катуу болгондуктан, унаалардын бири ошол жерден күйүп кеткен. Эки адам окуя болгон жерде, дагы бирөө ооруканага жеткенден кийин каза болгон. Жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн облустун борборунан санитардык авиация бригадасы жөнөтүлдү. Учурда кырсыктын себептери такталууда. Айбек Борашев, административдик милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары: 8 адам ар кандай жаракаттар менен Байганин райондук ооруканасына жеткирилди. Учурда бул маалыматтын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат. Урматтуу айдоочулар, унаа айдап баратканда жол эрежесин так сактоону эскертебиз!


