Асылбек Сатывалдиев Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
Асылбек Сатывалдиев Кыргызстандын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду Жаңы орун басарды ведомство жамаатына министр Эрлист Акунбеков тааныштырды Асылбек Сатывалдиев

Асылбек Сатывалдиев Кыргызстандын суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду Жаңы орун басарды ведомство жамаатына министр Эрлист Акунбеков тааныштырды Асылбек Сатывалдиев 44 жашта. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин экономика жана айыл чарба өндүрүшүн башкаруу адистиги боюнча бүтүрүп, эмгек жолун жер мамилелери, агрардык саясат жана мамлекеттик башкаруу тармагында иштеген Сатывалдиев эмгек жолун 2004-жылы кыймылсыз мүлктү каттоо системасында баштаган. Кийин Бишкек мэриясында, Чүй облустук мамлекеттик администрациясында, өкмөттүн аппаратында жана президенттик аппаратта иштеген. Бул жылдары Сокулук районунун акими, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматтарын аркалаган, ошондой эле Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигин жетектеген


