АКШ армиясы 500 миң долларлык ракета менен скауттардын шарын атып түшүрдү
2023-жылдын февраль айында АКШнын Аскердик аба күчтөрү болжол менен 500 миң долларлык ракета менен белгисиз учуучу объектти атып түшүргөн. Кийинчерээк ал скауттар тарабынан учурулган шар экени аныкталган Бул тууралуу New York Post Пентагондун аномалдык көрүнүштөрдү изилдөө бюросунун мурдагы директо

2023-жылдын февраль айында АКШнын Аскердик аба күчтөрү болжол менен 500 миң долларлык ракета менен белгисиз учуучу объектти атып түшүргөн. Кийинчерээк ал скауттар тарабынан учурулган шар экени аныкталган Бул тууралуу New York Post Пентагондун аномалдык көрүнүштөрдү изилдөө бюросунун мурдагы директору Шон Киркпатрикке шилтеме берүү менен билдирди Басылманын маалыматына караганда, окуя Кытайдын шары Түштүк Каролина жээгинде атып түшүрүлгөндөн бир жумадай кийин болгон. Бул кырдаалдан кийин америкалык аскер күчтөрү аба мейкиндигинде байкалган белгисиз объектилерге катуураак реакция кыла башташты Маалыматка ылайык, скауттар шарды изилдөө долбоорунун алкагында учурушкан. Аны жок кылуу үчүн баасы 500 миң долларга жакын AIM-9 Sidewinder ракетасы колдонулган Кийинчерээк аныкталгандай, атылган объект эч кандай коркунуч туудурган эмес


