Армениядагы парламенттик шайлоого шайлоочулардын катышуусу 33 пайыздан ашты
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 33,84 пайызын түздү Буга чейин 847 226 жаран добуш берген. Салыштыруу үчүн 2021-жылдагы парламенттик шайлоого 695 628 адам же шайлоочулардын 26,81 пайызы добуш берген. Ал эми 20

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 33,84 пайызын түздү Буга чейин 847 226 жаран добуш берген. Салыштыруу үчүн 2021-жылдагы парламенттик шайлоого 695 628 адам же шайлоочулардын 26,81 пайызы добуш берген. Ал эми 2018-жылы бул көрсөткүч 24,52 пайызды же 636 миң 55 адамды түзгөн Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 08:00дө башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 2 миллион 480 миңден ашуун жаран добуш берүүгө укуктуу. Шайлоо үчүн республика боюнча 2005 шайлоо участогу ачылган Шайлоого 18 саясий күч катышууда. Алардын арасында 16 партия жана эки блок бар. Парламентке өтүү үчүн партиялар 4 пайыздан кем эмес добуш алышы керек. Ал эми шайлоо блокторуна катышкандардын санына жараша 8-10 пайыздык босогодон өтүү керек. Мыйзамдарда шайлоочулардын эң төмөнкү көрсөткүчү көрсөтүлгөн эмес Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жаңы парламенти түзүлөт. Кийинчерээк ал болочок премьер-министрди аныктоо процессине катышат Шайлоо алдындагы коомдук пикирди сурамжылоонун биринин жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын эң көп колдоосу азыркы премьер-министр Никол Пашинян жетектеген “Жарандык макулдашуу” партиясында калууда. Респонденттердин 32,4 пайызы бул саясий күчкө добуш берүүгө даяр экенин билдирген


