Армениядагы парламенттик шайлоодо Пашиняндын партиясы жеңишке жетти
Арменияда өткөн парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Никол Пашиняндын “Жарандык макулдашуу” партиясы алдыга чыкты. Аны шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы колдоду. Ошентип, партия 105 депутаттык мандаттын 64үн алат. Никол Пашинян муну тарыхый жеңиш деп атады. Экинчи орунду оппозициялык “Күчтүү

Арменияда өткөн парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Никол Пашиняндын “Жарандык макулдашуу” партиясы алдыга чыкты. Аны шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы колдоду. Ошентип, партия 105 депутаттык мандаттын 64үн алат. Никол Пашинян муну тарыхый жеңиш деп атады. Экинчи орунду оппозициялык “Күчтүү Армения” альянсы, үчүнчү орунду “Армения” блогу ээледи. Саясий өнөктүккө жалпысынан 18 саясий күч катышты. 1,4 миллион адам добуш берди. Эксперттердин айтымында, бул шайлоо Армениянын жакынкы жылдардагы саясий багытын аныктайт. Пашинян шайлоодон кийин жаңы конституцияны кабыл алууга басым жасай турганын жарыялады. Мындан тышкары Армениянын премьер-министри Түркия жана Азербайжан менен мамилени жакшыртуу ниетин билдирди Никол Пашинян, Армениянын премьер-министри:


