Tenqri
Башкы бет
Спорт

Арашан экспортко барат: Чолпон-Атада асыл тукум койлор көрсөтүлдү, Акчабарда чет өлкөдө тукумга кызыгуу күч алууда

Чолпон-Ата шаарында Арашан кой породасынын эл аралык көргөзмөсү болуп, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан келген фермерлер жана адистер чогулду Иш-чаранын маңызы Кыргызстанда эт багытындагы эң перспективдүү породалардын бирин көрсөтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Расмий түрдө 2021-ж

0 көрүүakchabar.kg
Арашан экспортко барат: Чолпон-Атада асыл тукум койлор көрсөтүлдү, Акчабарда чет өлкөдө тукумга кызыгуу күч алууда
Paylaş:

Чолпон-Ата шаарында Арашан кой породасынын эл аралык көргөзмөсү болуп, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан келген фермерлер жана адистер чогулду Иш-чаранын маңызы Кыргызстанда эт багытындагы эң перспективдүү породалардын бирин көрсөтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Расмий түрдө 2021-жылы катталган Арашан породасы жогорку эт продуктуулугу, тез өсүшү жана чоң салмагы менен айырмаланат. Бүгүнкү күндө республика боюнча мал 48 миң башка жетти Көргөзмөнүн жүрүшүндө асыл тукумду өнүктүрүүгө салым кошкон мыкты дыйкандарга министрликтин сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле селекция, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өлкөдө асыл тукум чарба статусун алуу шарттары жөнөкөйлөштүрүлгөнү өзүнчө белгиленди Негизги багыт — ендуруштун илимий базасын чыцдоо. Кыргызстан мал чарба илим-изилдөө институтунда 7,5 миллион долларлык геномдук баалоо лабораториясы курулуп жатат, аны 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда Рыноктун катышуучуларынын айтымында, Арашан акырындык менен Кыргызстандын таанымал айыл чарба брендине айланып баратат жана эт багытындагы атаандаштыкка жөндөмдүү порода катары эл аралык рынокто өз ордун ээлей алат Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз

Kaynak: akchabar.kg

Diğer Haberler